ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Президент Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган.

Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси Ош шаарынын тургундары үчүн көп жылдардан бери эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Сел жана жаан-чачын учурунда шаардыктарга суу берүү токтотулат, анткени ачык көлмө — Ак-Буура дарыясынын пайдаланылып жаткан суусу булганат.

Президент Садыр Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин Мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео