Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн төкмө акындардын республикалык айтыш сынагы жыйынтыкталды.
Сынак көрөрмандардын бүйүрүн кызытып, жогорку деңгээлде өттү. Жалпы 15 тен ашык акын катышкан айтыштын байге фонду 1 миллион сомду түзүп, төмөндөгүлөр сыйлыкка татыды:
Баш байге – Нурсултан Абдикаримов (200 000 сом)
1-орун – Жамайка Дунканаева ( 170 000 сом)
2-орун – Болот Назаров (130 000 сом)
3-орун – Идрис Айтбаев (100 000 сом)
Мындан тышкары 8 төкмө акынга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.
