ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Санариптештирүү – өзгөрүүлөрдүн доору. Санарипке кошул!

Ош шаарынын тургундары өзүн, үй-бүлө мүчөлөрүн, үй чарбасын санарип аймак маалымат тутумуна каттоодон өткөрүүсү учур талабы.

Ош шаарынын мэриясы, шаардын бардык аймактарынын тургундарына эскертет, 2023-жылдын 20-октябырына чейин, ар бир муниципалдык аймактык башкармалыкта санарип аймак маалыматтык тутумуна каттоо иш-чарасы жүргүзүлөт.

Тутумга кирүү үчүн сизден төмөнкү документтер талап кылынат:

-Паспорт жана үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн өздүгүн тастыктаган докүменттеринин көчүрмөсү;

-Үйдүн тиешелүү документтери: техникалык паспорт, же кызыл китеби.

Эгерде жашап жаткан үй же батир сиздин жеке менчигиңиз болбосо үй ээсинин макулдугу менен катталса болот.

Ар бир жаран өздөрү жашаган муниципалдык аймактык башкармалыктардын имаратында каттоодон өтө алат. Санарип аймак маалымат тутумуна каттоо саат 8:00дөн баштап, кечки саат 00гө (12ге) чейин жүргүзүлөт.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын даректери:

• №1 «Туран» – Төлөнов көчөсү 75, болжол Т. Сатылганов мектеби;

• №2 «Сулайман-Тоо» – Ленин көчөсү 294;

• №3 «Керме-Тоо» – Кулатов кичи району, болжол ГОМ-3;

• №4 «Манас-Ата» – И. Раззаков проспектиси, болжол «Семетей» кинотеатры;

• №5 «Амир-Темир» – С.Айни көчөсү, болжол №47 орто мектеби;

• №6 «Курманжан-Датка» – Ташкент көчөсү 60, болжол Карл Маркс атындагы №2 мектеп-гимназиясы;

• «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгы – Араван тракты 6-чакырым, болжол Кеңеш айылынын борбору.

Каттодон кийин акысыз жана ыкчам түрдө уюлдук телефон аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматтары менен пайдалануу жеңилдейт.

Тагыраагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө, билим берүү, медициналык, социалдык, финансылык, коммерциялык мекеме-ишканалары сиздерден маалымкат талап кылбайт.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео