Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Аларды шаардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, курулуш тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн бир катар курулушчуларды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.
Кыргызстанда Куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.