ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча жарыш өттү

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү.

Жарыштын ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын, уюмдардын эмгек жамааттары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү, медициналык кызматкерлер жана шаар тургундары катышышты.

Катышуучулар 16 категория боюнча 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркашып, күч сынашты. Байгелүү орундарды ээлеген жөө күлүктөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Спорттук иш-чара 14 жаштан 67 жашка чейинки (эркектер) жана 14 жаштан 60 жашка чейинки (аялдар) арасында өтүп, ага 3 миңден ашык адам катышты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео