Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев калаанын 3026 жылдык мааракесин өткөрүүгө салым кошкондорду сыйлап, ыраазычылык каттарды тапшырды.
Шаар башчысы майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучулар чын дилинен иштегендигин айтты. Мындан сырткары, алдыда өтүүчү бардык мааракелерди дал ушундай өткөрүүнү тапшырма берди.
Белгилесек, Ош шаарынын күнү А. Суюмбаев атындагы стадиондо жогорку деңгээлде өттү. Ага Борбор Азияга белгилүү жылдыздар катышып, калаа тургундарын куттукташкан.

