ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар казынасын арттыруу талабы коюлду

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев үстүбүздөгү жылдын 7 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын жана борбордук базар жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жети ай аралыгында жергиликтүү казынанын киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.

Соңунда, тиешелүү кызматтар менен мекемелердин жетекчилерине 9 айдын жана жыл жыйынтыгы боюнча мерчемделген милдеттерди так аткаруу тапшырмалары берилди. Ошондой эле, Ош шаарынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлерине 1-сентябрга чейин мүлк жана транспорт салыктарын чогултуу боюнча тиешелүү рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы коюлду.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео