Жапалак айылдык аймагына караштуу Татар айылынын тургундары үчүн жаңы жол ачылды. Июль айынан бери жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, Школьная көчөсү пайдаланууга берилди.
Бул долбоордун алкагында узундугу 865 метр, туурасы 6 метрди түзгөн тилкеге калыңдыгы 10 сантиметрлик эки катмарлуу асфальт төшөлүп, четтерине ирригациялык лотоктор орнотулду.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жергиликтүү тургундарды куттуктап, пикир алышты. Мэрдин айтымында, Школьная көчөсүнүн оңдолушу айыл ичиндеги автоунаа кыймылын иретке келтирип, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн маанилүү кадам болду.
https://www.facebook.com/share/v/1BVC8zmqfk/
https://www.facebook.com/share/v/1BVC8zmqfk/

