Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик кызуу жүрүүдө.
Бүгүн 19-сентябрда, шаарыбыздын бардык аймактарында көрктөндүрүү жана тазалоо иштери башталды. Иш-чаранын алкагында сейил бактар куураган жалбырактардан арылууда, бак-дарактар акталып, жашыл аймактар иретке келтирилүүдө. Ошондой эле көчөлөрдүн, коомдук жайлардын жана мекеме-ишканалардын айлана-чөйрөсү тазаланууда.
Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен бирге шаарыбыздын тургундары да жигердүү катышууда.

