Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунда жаңы суу алуучу курулманын курулушу аяктады. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) гранттык каражаттарынын эсебинен жана Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоосу менен ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында диаметри 1200 мм болгон жаңы башкы суу алуучу курулма курулуп, узундугу 2 миң 400 метр болгон магистралдык суу түтүгү тартылды. Аталган түтүк аркылуу шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болот.
Учурда объектте 10 күндүк сыноо иштери жүргүзүлүүдө. Сыноо иштери ийгиликтүү аяктагандан кийин жаңы түтүк аркылуу шаар тургундарын суу менен камсыздоо иштери башталат.
https://www.facebook.com/share/r/1CAazvKsnc/

