ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Тез жардам” кызматы электрондук башкаруу тутумуна кошулду

Бүгүн, Ош шаарында “Тез жардам” кызматынын ишмердүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жакшыртуу максатында байланыштарды санариптештирүүнүн натыйжалуулугу боюнча жыйын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Ош шаардык медициналык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин, тез жардам кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ишин бир топ жакшыртаары белгиленди.

Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын демилгеси менен тез жардам мекемесинин техникалык абалы текшерилип, электрондук башкаруу тутумуна кошуу зарылчылыгы келип чыкканын, бул багытта GIZ (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) эл аралык уюму тарабынан техникалык колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.

Натыйжада ар бир медицина тармагынын адисине керектүү компьютер, коммутациялык жабдуулар жана байланыш каражаттары сатылып алынып, аларды колдонуу боюнча окутуулар жүргүзүлгөн.

Ошондой эле мекеменин энергетикалык тармагынын коопсуздугун камсыздоо, кубаттуулугун күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп, шаардын үч кичи районунда калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Керме-Тоо», «Манас-Ата», «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыктарында ыкчам жардам көрсөтүүчү медициналык бөлүмдөр ачылганы тууралуу маалымдалды.

Жыйындын соңунда Ош шаарынын медициналык кызматкерлери иштөө шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Бүгүнкү күндө аталган заманбап электрондук башкаруу тутуму саламаттыкты сактоо мекемелеринде толугу менен ишке киргизилген.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео