Ош шаарында жаңыдан курулган унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, ишкерлер, сатуучулар жана шаар тургундары катышты.
Жаңы базар Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан. Анда соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жанында унаа базары бар.
Иш-чарага катышкан мэрдин орун басары бул аймак жакынкы аралыкта өзүнчө борборго айланарын билдирди. Анткени азыркы тапта тейлөө борбору жана унаа каражаттарын каттоо мекемесин курулуп, ишин баштады.
