ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана жергиликтүү тургундар!

Жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, өндүрүлгөн продукцияларды түз сатууга шарт түзүү жана калкты сапаттуу, жаңы айыл чарба продукциялары менен камсыз кылуу максатында айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт.
 Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жашылча-жемиштер, картошка, дан азыктары, бал, жумуртка жана башка айыл чарба продукциялары сунушталат.
 Жарманке 2026-жылдын
5-сентябрынан 1-декабрына чейин, ар жуманын ишемби күндөрү өткөрүлөт.
 Жарманке өтүүчү даректер:
 Н. Исанов көчөсүндө, болжол менен «Народный» маркетинин жанында;
 Б. Осмонов көчөсүндө, Ош шаардык борбордук базарынын «Келечек» соода борборунун мөмө-жемиш бөлүгүндө.
 Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана жергиликтүү тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз!

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео