Ош шаарындагы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Nº 101 көчө толугу менен жаңыланууда.
Учурда мында эски асфальт катмары алынып, жер иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, жолду кеңейтүү жумуштары аткарылып, тоскоол болгон майда курулуштар алынууда.
Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 1,5 чакырым. Ал эми кеңдиги 18,5 метр. Долбоордо көчөнүн бир тарабына тротуар каралган.
