Ош шаарындагы Бабараимов көчөсүндө жолду кеңейтүү иштери башталган. Анда курулушка тоскоол болгон үйлөр болгондуктан менчик ээлерине шаардык мэриянын тийиштүү кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эсиңиздерге сала кетсек Бабараимов көчөсү мурдагы эмерек базары жайгашкан көчө. Андан бир нече соодагерлер жаңы базарга көчүрүлгөн. Мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев менен менчик ээлери жолугушкан учурда, аларга 100% кенемте төлөнүп берилери айтылды. Болгону бул курулуштар этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул иштер Ош шаарындагы инфраструктураны жакшыртуу жана транспорт кыймылын жеңилдетүү максатында башталган.
