ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ж.Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө боюнча техникалык кеңешмесинин көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн көрктөндүрүү, асфальттоо жана жарыктандыруу долбоорунун алкагында жеринде Ош шаарынын мэриясынын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрдү.

Жыйында аталган көчөдөгү электр тармактарынын кубатын күчөтүү, соода-сатык жана коомдук тамактануучу жайларды талапка шайкеш келтирүү, жашыл аймактарда тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, жолду жарыктандыруу, тротуарлардагы таман таштарды жаңылоо жана Алай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдына кирүүчү жолдорго асфальт төшөп, 20-сентябрдан тарта жолду толук пайдаланууга берүү милдеттендирилди.

Шаар башчысы жооптуу кызматтардын жетекчилерине долбоорду ишке ашырууда жумуштарды өз ара макулдашуу жана тыгыз байланышта, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, белгиленген мөөнөтө бүткөрүү тапшырмасын койду.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео