Ош улуттук драма театрынын жанына жаңы гүл базары ачылды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жашоочулар жана сатуучулар катышты.
🔹Жаңы гүл базары заманбап талаптарга ылайык курулуп, айнек конструкция менен жабдылды. Соодагерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
🔹Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу дүкөндөрдү ушул жайга көчүрүү тапшырмасын берген. Бир кезде кароосуз калып, таштандыга толгон бул аймак бүгүн таптакыр башка өң-түс алып, шаардын көркүнө көрк кошту.
















