Ошто социалдык чач тарачкана иштей баштады

Бүгүн, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында (ДИА) “Демилгелүү ишкер айымдар” коомдук фонду тарабынан “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” коммерциялык эмес корпорациясынын, Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Жардамга кол сунам” долбоорунун алкагында социалдык-мобилдик чач тарачкана ачылды. Иш-чаранын алкагында, чач кыркуунун усулдарын бир айлык теориялык жана практикалык окутуунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, чач тарачтар тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, социалдык-мобилдик чач […]
Ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери менен биргеликте коммерциялык имараттарда ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүргүздү. Рейд үчүрунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы суу түтүктөрдүн, эсептегичтердин туура иштешине, пломбалардын болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, «Классик» мейманканасынын суу […]
Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарындагы жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлерине мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мекеме-ишкана жетекчилери, агартуу тармагынын өкүлдөрү катышты. Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан сөз сүйлөп, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип келе […]
Дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды

“Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде Сулайман-Тоо кубогу үчүн уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды. Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, Бүткүл дүйнөлүк «Алыш күрөш» федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар […]
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин жетектөөсүндө Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышуусунда экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында Ош шаарынын 2023-2033-жылдарга карата экологиялык фонун сактоо жана жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, экологиялык абалды өнүктүрүү концепциясынын алкагында энергетика жана жылуулук системасын, транспорттук каражаттарынын шаар аймагынан сырткары кошумча багыттарын карап чыгуу, таштандыларды кайра иштетүү […]
Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Бүгүн, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт болуп өттү. Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова, чет элдик ырчылар IN GRID, Хамдам […]
Шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон мекеме-ишканалардын кызматкерлери сыйланды

Ош шаарынын күнүнө карата, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан жана барандуу салым кошкон мекеме-ишканалардын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары жана жеке ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Шаар күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү

Бүгүн, борбордук аянтта Ош шаарынын күнүнө карата авто-мото фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында, ар кандай ыкма менен велосипед тебүү, стритбол оюну боюнча мелдештер өткөрүлдү. Ошондой эле, авто-мото сүйүүчүлөрдүн “OFF-ROAD”, “Бернаут”, “Дрифт” шоулары көрсөтүлүп, КВН жана хип-хоп топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кичи футбол жана волейбол боюнча шаар кубогу жыйынтыкталды

Бүгүн 5-октябрь, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын күнүнө карата 18-35 жаштагы жаштар арасында өткөрүлгөн кичи футбол жана волейбол боюнча шаардын кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болуп, аларга кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылып, мыкты оюнчулар акчалай сыйланды: – 1-орун, “УСМ” тобу (100 миң сом); – 2-орун, “Шелк комбинат” тобу (50 миң сом); […]
Эл аралык карыялар күнүнө карата улгайган жарандарга сый көрсөтүлдү

Бүгүн, Эл аралык карыялар күнүнө карата Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен, ооруктун эмгекчилеринен, социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж карыялардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басарлары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү улгайган жарандардын үйлөрүнө барып, аларга акчалай белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты. Айта кетсек, муниципалдык кызматтар […]