Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, орун басарлардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр […]
Орке айылында 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Орке айылында эски мектеп бала бакчага өзгөртүлүп, пайдаланууга берилди. №36 “Керемет дүйнөсү” бала бакчасынын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөнов, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын сентябрь айынын соңунда Ош шаарынын мэри Бакытбек […]
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу, «D» категориясындагы айдоочуларды жумушка чакырат

Талап: 21 ден 60 жашка чейин. Байланыш үчүн номерлер: +996 500 040 664; +996 553 407 046; +996 224 088 585.
А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүндө шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндөгү А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосунда жүрүп жаткан жаңы эс алуу аймагынын курулушу менен жеринде таанышты. Мында жарандардын эс алуусу үчүн амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, аталган долбоор Ош шаарынын […]
Жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында орун алган жайкы театрда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Мэр жасалып жаткан бардык жумуштар сапаттуу жасалып, мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин билдирди. Белгилей кетсек, долбоор боюнча театрдын имаратын толугу менен оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштерди бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын апрель айына белгиленген. Аталган курулуш Ош […]
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган “Мекеним Кыргызстан” аттуу патриоттук ырларды мыкты аткарган күч органдары жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында кароо-сынак жарыяланат

❗️Сынактын шарттары: Конкурска катышуучулардын жаш курагы 17 жаштан 35 жашка чейин уруксат; Сынакта конкурсант патриоттук ырларды аткарууга тийиш; Ар бир конкурсант 1 гана чыгарма аткарат; Эгерде эстрадалык ыр болсо минусун колдонуп, жандуу үн менен аткаруу керек же музыкалык инструменттердин коштоосунда аткарса болот; Ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттө катышуучу өзү жөнүндө жана […]
“Жапалак” унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги астында административдик-аймактык реформанын алкагында Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жана Жапалак айыл аймагында кошумча жолдорду ачууга мүмкүн болгон жерлерди жеринен көрүп чыкты. Бул кошумча жолдорду ачуу менен, “Жапалак” унаа базарына кеткен жол тыгынынын алды алынып, маселе толугу менен чечилет. Белгилей кетсек, кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат, тагыраак айтканда […]
Мектеп окуучуларын спортко үндөө

Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында иш-чаралар өткөрүлө баштады. Алсак, бүгүн Ош шаарындагы мектептерде ачык сабактар жана эркин форматтагы класстык сааттар өткөрүлүп, анын алкагында окуучуларга ден-соолукка туура кам көрүү, чыңдоо, алдыда боло турган спорттук иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, мектеп […]
Мэр жеке маселелери боюнча жарандарды кабыл алды

Спорт шаарчасында шарт жакшырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүнүн боюнда жайгашкан бир катар спорттук мекемелерге барды. Мында жаңыдан курулушу жүрүп жаткан муниципалдык күрөш залын көрүп, андан ары «Дельфин» бассейнин, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионун, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга шаардын спорт тармагын өнүктүрүү максатында «Дельфин» бассейнинин […]