ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Жапалак” унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги астында административдик-аймактык реформанын алкагында Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жана Жапалак айыл аймагында кошумча жолдорду ачууга мүмкүн болгон жерлерди жеринен көрүп чыкты.
Бул кошумча жолдорду ачуу менен, “Жапалак” унаа базарына кеткен жол тыгынынын алды алынып, маселе толугу менен чечилет.
Белгилей кетсек, кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат, тагыраак айтканда Б.Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен айылына чейин, Б. Осмонов көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө чейин жана Бирлешкен айылынан Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылына чейин болот.
Калаа башчысы аталган аймакта курула турган альтернативдик жолдорду ачуу жумуштарын баштоо, долборлоо иштерин даярдап бүтүрүү талабын тиешелүү кызматтарга койду.
Кошумчалай кетсек, буга чейин”Жапалак” унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жер трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынган. Аталган жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын жана логистикалык борборду ачуу болжолдонууда.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео