ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жапалак айылдык аймагындагы жерлерди тактоо иштери уланууда

Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин катышуусунда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жерлерди аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Башкармалыктын карамагына айыл чарба, жайыт жерлери, жолдор жана ирригациялык тутумдар кирет.

Жыйында, каттоо иштерин менчигинин түрүнө карабастан жер категориялары боюнча бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан жобонун негизинде жүргүзүү сунушталып, тиешелүү кызматтарга жерлерди тизмеге алуу иштерин улантуу жана тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, июнь айынын башынан тарта «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалы жана «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасы биргеликте, «Геоскан 101» учкучсуз учуучу аппаратынын жардамы менен аймактагы жерлерди тактап ирээтке келтирүү жана жер багытын аныктоо максатында аэро-сүрөткө тартуу иштерин жүргүзүшкөн.

Жалпысынан Жапалак айылдык аймагында 12,5 миң гектар жер аянты каттоого алынат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео