ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарандарды тейлөө жаңы деңгээлге чыкты: Ош шаарында заманбап комплекс ачылды

Бүгүн Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген жаңы заманбап комплекстин салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Бул масштабдуу долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча койгон талаптарынын алкагында ишке ашты.
Объекттин курулушу үчүн жер тилкеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилип, курулуш иштери Президенттин фондунун жана Президенттин Иш башкармасынын каражаттарынын эсебинен каржыланган.
Жаңы ачылган комплекс эки кабаттуу А жана Б блокторунан турат. Комплекстин А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты.
Мында кызматтар “бирдиктүү терезе” негизинде боюнча көрсөтүлүп, транспорт каражаттарын каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, унаа лабораториясы бар техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү жана 62 орундуу теориялык экзамен залдары каралган. Ошондой эле практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулду.
Ал эми Б блогунда “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору орун алды. Аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн имаратта 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат.
Биринчи кабатында тейлөө залы, электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса жана паспорт берүү бөлүмү, ал эми экинчи кабатында архив менен VIP-зал жайгашкан.
Бул заманбап комплекс шаар тургундарына жана конокторуна бардык зарыл болгон мамлекеттик кызматтарды бир жерден, тез, ыңгайлуу жана жогорку деңгээлде алууга толук шарт түзөт.

https://www.facebook.com/share/v/1PX1YTQNuZ/


Окшош жаңылыктар

fb456608-19f5-469f-a22c-adf7207c2d88

Жекшембидеги жумуш: Мэр Жаңы-Маала айылынан кабар алды

825292562_1436284278690465_5624742637117143848_n

Төлөйкөн айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

poryadok-sozdaniya-asfalta-710x630

Атабаев көчөсүнө асфальт басылууда

825329066_2993714770967434_1079987231124040751_n

Ошто масштабдуу эл аралык чуркоо марафону өттү

dbe29aa1-a559-4538-9290-724c31e34bfc

Мамыров көчөсү: Жолго асфальт төшөлө баштады

821523552_1434399688878924_6046742614135711934_n

Ош шаарында ынтымак жумалыгы башталды

Видео