Бүгүн 26-августта Бабур театрында Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин 2026-2027-окуу жылына карата августтагы педагогикалык конференциясы болуп өттү.
Конференцияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, билим берүү тармагынын кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” темасынын алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2025-2026-окуу жылындагы жетишкендиктери жана алдыдагы окуу жылына карата негизги милдеттер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле билим берүү тармагындагы мыкты кызматкерлерге Ош шаардык мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана башка мекемелердин сыйлыктары тапшырылды. Ардагер мугалимдер жаш педагогдорго насаат сөздөрүн айтып, өз ара тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.
Соңунда 2026-2027-окуу жылына карата негизги багыттарды камтыган резолюция кабыл алынды.
https://www.facebook.com/share/v/1HM3yGweUe/




