Бүгүн, Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген жарнамалар алынды.
Мындан ары эскертүү берилген, бирок талапты аткарбагандар үчүн катуу чаралар көрүлөт. Рейд иштери уланат.