Буга чейин кароосуз, бош жаткан жана көрктөндүрүүгө муктаж болгон аймактар бүгүн шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жайларына айланды.
Акыркы 6 айда Ош шаарында 30 жаңы сквер жана сейил бактар пайдаланууга берилип, шаардыктар үчүн сейилдөөгө жана эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
И. Раззаков, А. Масалиев, Курманжан датка, Өзгөн жана башка көчөлөрдө жаңы коомдук мейкиндиктер пайда болуп, жөө жүрүүчү жолдор салынып, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулуп, отургучтар коюлуп, аймактар жашылдандырылды.
Ак-Бууранын боюнда ачылган үй-бүлөлүк эс алуу багы Оштун көркүнө көрк кошкон жаңы жайлардын бири болду. Бул жер эми жаратылыш менен айкалышкан сейилдөөнүн, үй-бүлөлүк убакыт өткөрүүнүн өзгөчө дареги болуп калды.



















