ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жеке жактарга берилип кеткен соц объектилердин жерлерин кайтарып алуу иштери башталат

Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды.

Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди.

Алсак, Горький атындагы мектептин аймагынын эки тарабы коммерциялык имараттарга, ал эми Фрунзе атындагы мектептин аймагынан 16 соода жайына жери берилип кеткен.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиянын маалыматы боюнча, 56 орто мектептин ичинен 31 мектептин аймагында мурда жеке жактарга бөлүнүп берилген жер тилкелери бар экендиги аныкталган. Ал жерлерге турак жай, ар кандай имараттар, тосмолор, соода түйүндөрү орнотулган.

Аталган объектилер боюнча шаар мэри Бакытбек Жетигенов социалдык объектилердин аймагын муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн бардык документтерди көтөрүү жана тиешелүү иш аракеттерди алып баруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы жакынкы күндөрү шаардагы баардык социалдык объектилерди жеринен көрүп чыгат. Мында жеке тараптарга берилип кеткен жер аянттарын кайтарып алууга басым жасалат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео