Бүгүн жекшемби, 27-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жаңы-Маала айылына барып, жергиликтүү тургундардан кабар алды.
Калаа башчысы айылда жаңыдан курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун курулушу менен таанышты.
Ошондой эле аталган аймакта жайгашкан мектептин абалын жеринен көрүп, жаңы билим уясын, жана бала бакча куруу керектигин айтты. Мындан тышкары, аймакта балдар аянтчасы да жок.
Жанарбек Акаев балдардын билим алуусуна тийиштүү шарттарды түзүү маанилүү экенин белгилеп, ата-энелерди балдарын мектепке үзгүлтүксүз жиберүүгө, билим алуусуна көңүл бурууга, алардын келечегине басым жасоого чакырды.
Калаа башчы айылдын ички көчөлөрүн көрүп чыгып, кош каржылоо долбоорунун алкагында жолдор оңдоло турганын билдирди.

