«Партнер нефть» компаниясынын каржылык колдоосу менен Жашылдандыруу-көрктөндүрүү чарба комбинаты тарабынан атайын бөлүнгөн аймак толугу менен көрктөндүрүлдү.
Аймакка 200гө жакын бак-дарак жана бадал, ошондой эле 4000ден ашуун гүл көчөтү отургузулду.
Мындан тышкары, балдар үчүн оюн аянтчасы, отургучтар, чакан суу оргумасы жана автоматтык сугаруу системасы орнотулуп, эс алуу жайы жарыктандырылды.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, «Партнер нефть» компаниясынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

