Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаровдун катышуусунда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 2023-жылга карата аткарган жумуштары боюнча маалымат берүүдө. Муну менен бирге 2024-жылга карата алдыда жасалчу иш-пландар талкууланып, сунуштар берилет.
Жыйынга министрлер, облус жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери катышууда.
Алдыда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарында 2023-жылы жасалган жумуштар жана алдыга коюлган максаттар боюнча маалымат берет.