ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу !

Урматтуу Жапалак Айылдык Аймактык Башкармалыгынын тургундары жана жалпы аукционго катышуучулар!
2025-жылдын 24-25-26-27-28-февраль күндөрү Жапалак Айылдык Аймактык башкармалыгынын аймагындагы мөөнөтү бүткөн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берилет.
Аукциондун катышуу шарттары:
1. Арыздар лотту көрсөтүү менен 2025-жылдын 18-февраль күнү саат 18:00го чейин кабыл алынат;
2. Паспорт көчүрмөсү;
3. Кепилдик төлөм – баштапкы ижара акынын 20% түзөт жана ар бир лотко өзүнчө төлөнөт. Кепилдик төлөм 2025-жылдын 22-февралына чейин кабыл алынат;
4. Аукциондун арымы баштапкы ижара акынын 10% түзөт.

Арыздарды жана кепилдик төлөмдү Жапалак ААБнын жер ресурстары боюнча башкы адиси Уларов Кадырбек кабыл алат. Тел.: 0551 65-18-18.
Аукционду өткөрүү орду, лоттун жайгашкан жери, күнү жана убактысы:
1. Жапалак ААБнын кеңсеси / Керме-Тоо айылы / Керме-Тоо, Тээке, Татар, Гулбар-Төлөйкөн айылдары / 24-25.02.2025. саат 9:00-18:00;
2. №30 Алиев орто мектеби. Кеңеш айылы / Кеңеш, Соколок айылдары / 26.02.2025. саат 9:00-18:00;
3. №34 Ч.Түлебердиев орто мектеби. Орке айылы / Орке, Мээркан, Качыбек айылдары / 27.02.2025. саат 9:00-18:00;
4. №35 Ж.Атабеков орто мектеби. Арек айылы / Жапалак айылы / 28.02.2025. саат 9:00-18:00.
Кошумча суроолор боюнча: Олжобаев Уланбек тел: 0552 32-08-72; Уларов Кадырбек тел: 0551 65-18-18.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео