ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Нурматов көчөсүн ачуу боюнча иштер башталат

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды.
Анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүн байланыштырган Нурматов көчөсүн ачуу керектигин белгиледи. Аталган көчө №703 аскер бөлүгү тарабынан тосулүп калган.
Шаар башчысы жолду ачуу боюнча иштерди баштоо зарыл экенин белгилеп, жолдун жабылышынын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Ошондой эле А.Масалиев көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан курулуштарды, тосмолорду, алып салуу, ошондой эле коммерциялык объектилердин сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилди.
Шаардагы көчөлөрдү тиешелүү талаптарга ылайык келтирүү иштери улантылат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео