ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Андыктан коомдук угуу иш-чарасына активдүү катышып бериңиздер.

Күнү: 2025-жылдын 25-февралы саат 10:00дө.
Өтүүчү жайы: Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, Ош шаарынын мэриясы.

Ош шаардык кеңешинин

“2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана

2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун долбооруна

ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

Бюджеттин киреше бөлүгү 

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2024-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 108,8 пайызга (%) өсүп, же болбосо 264 397,7 миң сомго көбөйүп,  3 275 313,8 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:

– салык кирешелери 2 320 753,8 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 70,9 %);

– салыктык эмес кирешелери 543 560,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 16,6 %);

– бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 411 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 12,5%) түзөт.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрү төмөнкүдөй ченемде белгиленген:

-киреше салыгы – 90%;

-жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 50%;

-мүлк салыгы – 100 %;

-патенттин негизиндеги салык – 100%.

Жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү (атайын каражаттарды кошкондо) 2026-жылга 3 279 821,1 миң сомду, 2027-жылга 3 325 452,9 миң сомду түзүүдө.

 

Толук маалымат тиркемеде

2025-ж. бюджетинин долбооруна түшүндүрмө кат

Тиркеме бюджет долбоор 2025

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео