ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эрте мененки рейд: Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрү иреттелет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге болгон кыдыруусу Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрүндө уланды.
Шаар башчысы ички көчөлөрдү иретке келтирүү боюнча шаар тургундарынан үзгүлтүксүз кайрылуулар келип жатканын билдирди.
Анын негизинде ири жолдорду унаа тыгынынан жеңилдетүү максатында аталган көчөлөрдү кеңейтүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен, эскилиги жетип, шаардын сырткы көрүнүшүн бузган мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмалар берилди.
Шаар башчысы ички көчөлөргө убагында тиешелүү көзөмөл болбогондугунан алар жарымынан көбү тарып кеткенин белгиледи. Мында, жолдордун боюна өз билемдик менен мыйзамсыз үй-жайлар, тосмолор, чатырлар орнотулуп, арыктар, бак-дарактар каралбай калган.
“Баарын иретке келтириңиздер жана жолдорду кеңейтиңиздер, тургундар бул маселелер боюнча дайыма кайрылышууда” – деди Жеңишбек Токторбаев.
Шаар көчөлөрүн талаптарга шайкеш келтирүү иштери улантылат.

Окшош жаңылыктар

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Видео