ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Таңкы рейд: Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында (Юго-Восток кичи району) жаңы жашыл аянттар түзүлөт

Бүгүн, 17-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Н.Исанов көчөсүн кыдырып чыкты.
Шаар башчысы Н.Исанов көчөсүнүн эки тарабын таштандылардан тазалоо жана шаар тургундарынын эс алуусу үчүн жашыл аянттарды түзүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуп алып салуу, жашыл аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды койду.
Ошондой эле бул аймакта жайгашкан жеке медициналык мекемелердин жерди ижарага алуу келишиминин шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеп, Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштарды алып салуу боюнча жумуштарды баштоону тапшырды.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев мындан сырткары, бул аймакта шаардыктардын эс алуусу үчүн жеткиликтүү жайлар жок экенин айтып, бак болуучу жерлерге мыйзамсыз курулуп, каралбай калган курулуштарды тез арада жашыл аймактардан бошотуу боюнча тапшырмаларды берди. Аны менен катар ушул жерде жайгашкан жогорку окуу жайлардын алдындагы, жол жээгине чыгып кеткен унаа токтотуучу жайларды жылдыруу боюнча билдирүүлөрдү жөнөтүүнү милдеттендирди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео