ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын прокуратурасында балдарга карата ырайымсыз мамилени, зомбулукту болтурбоо жана балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев, Ош шаарынын билим берүү, Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, мектеп директорлору, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан билим берүү, социалдык жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте балдарды коргоо жаатында иш алып барган кызматтарга балдар арасындагы кылмыштуулукту, зомбулукту алдын алуу, мектептердеги коопсуздук маселелери, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого багытталган иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле, окуучулар арасында катталган акыркы окуяларга байланыштуу, ар бир мектепке өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорун (ИДН) бекитүү жана социалдык кызматкерлердин ишин күчөтүү боюнча сунушталды.
Ош шаарында жаңы 2024-2025-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү мектептердин саны 70 (2023-жыл 54), мектеп окуучуларынын жалпы саны 93 000ден (2023-жыл 82 375) ашты.
Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу иш-аракеттери улантылат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео