ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаардык коммуналдык кызматтарга жана кайгуул кызматына жаңы техника менен жеңил унаалар берилди

Бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына 8 жаңы атайын техника (2 “Shacman” маркасындагы жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор, 2 автожүктөгүч, 2 манипулятор) жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматына 4 жаңы жеңил унаа тапшырылды.
Техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген заманбап техникалар менен жеңил унаалар үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, 4 жеңил унаа «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин атынан «Ош Газ» ишканасынын жетекчиси Рашид Тагаев, 8 даана атайын техника «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын «Базис-М» соода маркасынын башкы директору Максат Чунуев тарабынан берилди.
Аталган техникалар жеринде Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына бөлүштүрүлдү.

Эске салсак, эки айдын ичинде Ош шаарына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 50гө жакын атайын техника берилип, Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео