ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Ж.Ш. Токторбаевдин Орозо айт майрамындагы куттуктоо сөзү

Урматтуу мусулман бир туугандар!
Ардактуу Ош шаарынын тургундары!
Баарыңыздарды мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармадык.
Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы. Бул күнү камкордуктун жана адамдык мамиленин жылуулугун сезе алгандай жакшылык иштер жасалат. Бүткүл мусулман эли бул күндү ырайымдуулуктун жана руханий тазалануунун символу катары белгилейт.
Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.
Кымбаттуу мусулман элим!
Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулукту ыроолосун. Он эки айдын султаны болгон Орозо айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук ишиңиздер мындан ары да улана берсин!
Муктаждарга кол сунуп, сооп иштерге себепкер болууну баарыбызга насип кылсын. Ыйык айтта сиздер ниет кылган жакшы тилектердин баары кабыл болсун!
Ар бир үйгө ачык асман, бакыт-таалай, береке, бардар турмуш каалайм!
Ордолуу Ошубуздан ырыскы кут кетпесин! Өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү орносун.
Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео