
Жаңы аллея шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап талаптарга ылайык курулган. Буга чейин Ош шаарынын мэри таңкы рейддин алкагында бул аймакты кыдырып, мал кармап, сарай салып алган жашыл аймактын орду каралбай, иреттелбей, таштанды басып жаткандыктан, бак-дарактарды бутап, айланасын жашылдандырып, мал сарайды алып салып, жашоочулар үчүн эс алуу жайын куруу тапшырмасын берген.