ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди

🏵️
Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
🏵️ Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Ош шаардык Кеңештин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар катышышты.
🏵️ Салтанат Аманова өз сөзүндө энелер – тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун башаты, коомдун пайдубалы жана үй-бүлөнүн таянычы экенин белгилеп, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин атынан жалпы аялдарды майрам менен куттуктады.
🏵️ Ошондой эле Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жаш муундарды тарбиялоодогу активдүү ишмердүүлүгү үчүн бир катар энелер баалуу белектер менен сыйланышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
🏵️ Өлкөдө “Энелер күнү” ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Ош шаарында азыркы күндө 914гө жакын “Батыр эне”, 128 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео