
Аталган көчөдө буга чейин кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар толугу менен алынып салынып, инженердик коммуникациялар жылдырылып, жаңыланган. Жол туурасынан 4 тилкелүү болуп, 26 метрге кенейтилген. Жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзөт. Учурда жолду басып тегиздөө, асфальт төшөөгө, жолду бекемдөө максатында тирөөч дубал курууга даярдык иштери жүрүп жатат.