
Жыл сайын Ош шаарында орточо 200 000 (эки жүз миң) тонна таштанды чыгат. Буга чейин алар ачык полигондордо чогулуп, шаар атмосферасын булгап, терс таасирин тийгизип турса, эми заманбап технологиялар менен иштетилип, жаратылышка зыяны азаят. Жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 95 000 000 (токсон беш миллион) АКШ долларын түзөт.