Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2026-жылга карата Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталгандыгына байланыштуу аталган маселе коомдук талкууга коюлат.
Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 5 57 48
Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы
Б.Т. Баетовго
Ош шаарынын мэриясы Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө маселени сиздердин карооңуздарга сунуштайт.
Тиркеме: токтом долбоору, Ош шаарында мүлк жана жер үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентинин өлчөмү жана нарктык зоналардын чектеринин сүрөттөлүшү, маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду, МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын каты, жер жана мүлк салыгы боюнча салыштырмалуу таблицалар, макулдашуу баракчасы, 13 баракта.
Мэрдин биринчи орун басары А. Шаршеналы уулу
Долбоор
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык
коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5, 388, 404-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Н.А. Сатыбалдиевдин Ош шаарында калктуу конуштун жерлери, айыл чарба багытында эмес жерлер, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентинин Кз өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын ___-августундагы №___ чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарында Ош шаарында мүлк жана жер үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентинин өлчөмү жана нарктык зоналардын чектери (Ош шаарынын аймагында жайгашкан турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, жер салыктарынын зоналдык коэфициенттери) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып мүлк жана жер салыгынын эсептөөлөрүнө жайылтыла тургандыгы белгиленсин.
3.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №89 токтому 2025-жылдын 1-январынан күчүн жоготту деп табылсын.
4.Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Н.А. Сатыбалдиев) ушул токтом менен бекитилген зоналдык коэффициенттерге ылайык салык салуу ишин алып барсын.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык
Кеӊешинин төрагасы Б.Т. Баетов
Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэфициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэфициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүүнүн максаты административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарына кошулган аймактардагы жергиликтүү инфраструктуранын өзгөчөлүктөрүнө ылайык зоналык коэффициенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү болуп саналат.
Эгер буга чейин жылына жер салыгы боюнча 81411,2 миң сом, мүлк салыгы боюнча 132322,2 миң сом жыйналып келген болсо, токтомго өзгөртүү киргизилсе жылына жер салыгы боюнча 108853,7 миң сом, мүлк салыгы боюнча 169955,1 миң сом жыйналат. Башкача айтканда жергиликтүү бюджетке жылына жер салыгы боюнча кошумча 27442,5 миң сом, мүлк салыгы боюнча кошумча 37632,9 миң сом киреше түшөөрү пландалууда.
2. Баяндоочу бөлүгү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгеелинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Ош шаарынын аймагына Кара-Суу районунан эки айыл аймагы толугу менен жана үч айыл аймагынын айрым тилкелери кошулган.
Ал эми Ош шаарынын аймагында Кз зоналык коэффициенттердин көрсөткүчтөрү акыркы жолу Ош шаардык Кеңешинин №89-токтому менен 2022-жылдын 15-ноябрында 2023-жылдын салыктык мезгилине карата бекитилген.
Сунушталып жаткан токтомдун долбоору Ош шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында аталган кодекстин 5, 388, 404 -беренелерине ылайык иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 0,3төн 2ге чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Ошондой эле кодекстин 404-беренесине ылайык, нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0,3төн 2,0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент Кз жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 2-июнундагы 2026-жылга карата зоналык коэффициенттердин көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча сунушун эске алып, зоналык коэффициенттин Кз өлчөмү жана/же нарктык
зоналарынын чектеринин өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү максатында Ош шаарынын жана административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарына кошулган аймактардагы жергиликтүү инфраструктуранын өзгөчөлүктөрүнө ылайык зоналык коэффициенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосунан өтүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Берилген токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Берилген токтом долбоору жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Ош шаарынын мэринин
биринчи орун басары А. Шаршеналы уулу
Жер салыгы боюнча 2023-2025-жылдарга колдонулган коэффициент | |||||||
№ | Салыктынтүрлөрү | Салыксалынуучу жалпыаянт(чарчыметр) | Базалыксалыктыкнаркы(чарчыметр) | Инфляция коэффициенти (Ки) | Зоналыккоэффициент (Кз) | Функциялыкбагыттагыкоэффициент (Кн) | Салыктынсуммасы(миң сом) |
1 | Калктууконуштардынжерлерине жанаайыл чарбабагытындагы эмесжерлерге болгонмүлк салыгы | 2889744 | 2,6 | 1,034 | 1,09 | 5,51 | 46658,6 |
2 | Үй жанындагыкороо жай жанабагбанчылык-чарбак жеручастогуна болгонмүлк салыгы | 21255412 | 1,5 | 1,09 | 34752,6 | ||
Бардыгы: | 24145156 | 81411,2 | |||||
Жер салыгы боюнча 2026-жылдан баштап колдонулууга сунушталган коэффициент | |||||||
№ | Салыктынтүрлөрү | Салыксалынуучу жалпыаянт(чарчыметр) | Базалыксалыктыкнаркы(чарчыметр) | Инфляция коэффициенти (Ки) | Зоналыккоэффициент (Кз) | Функциялыкбагыттагыкоэффициент (Кн) | Салыктынсуммасы(миң сом) |
1 | Калктууконуштардынжерлерине жанаайыл чарбабагытындагы эмесжерлерге болгонмүлк салыгы | 2889744 | 2,6 | 1,108 | 1,4 | 5,51 | 64217,3 |
2 | Үй жанындагыкороо жай жанабагбанчылык-чарбак жеручастогуна болгонмүлк салыгы | 21255412 | 1,5 | 1,4 | 44636,4 | ||
Бардыгы: | 24145156 | 108853,7 | |||||
2022-жылдын 15-ноябрындагы №89-Ош шаардык кеңеши кабыл алган токтомменен 2025-жылга Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнчабашкармалыгы сунуштаган коэффициенттин негизинде түшө турган салыктынайырмасы (+,-) | 27442,5 | ||||||
Мүлк салыгы боюнча 2023-2025-жылдарга колдонулган коэффициент | ||||||||
№ | Салыктынтүрлөрү | Салыксалынуучужалпыаянт(чарчыметр) | Базалыксалыктык наркы(чарчыметр) | Коэффициенттер | Салыктынставкасы (%) | Салыктынсуммасы(миң сом) | ||
Региондуккоэффициент (Кр) | Зоналыккоэффициент (Кз) | Функциялыкбагыттагыкоэффициент (Кн) | ||||||
2 | Турак эмесимаратка, курулмага жанажайга болгонмүлк салыгы | 2458677,6 | 8572 | 0,9 | 1,09 | 0,8 | 0,8 | 132322,2 |
Бардыгы: | 2458677,6 | 132322,2 | ||||||
Мүлк салыгы боюнча 2026-жылдан баштап колдонулууга сунушталган коэффициент | ||||||||
№ | Салыктынтүрлөрү | Салыксалынуучужалпыаянт(чарчыметр) | Базалыксалыктык наркы(чарчыметр) | Коэффициенттер | Салыктынставкасы (%) | Салыктынсуммасы(миң сом) | ||
Региондуккоэффициент (Кр) | Зоналыккоэффициент (Кз) | Функциялыкбагыттагыкоэффициент (Кн) | ||||||
2 | Турак эмесимаратка, курулмага жанажайга болгонмүлк салыгы | 2458677,6 | 8572 | 0,9 | 1,4 | 0,8 | 0,8 | 169955,1 |
Бардыгы: | 2458677,6 | 169955,1 | ||||||
2022-жылдын 15-ноябрындагы №89-Ош шаардык кеңеши кабыл алган токтомменен 2026-жылга Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнчабашкармалыгы сунуштаган коэффициенттин негизинде түшө турган салыктын айырмасы (+,-) | 37632,9 | |||||||
![]() |