
Абай (1845–1904) — казак адабиятынын классиги, философ, композитор жана гуманист. Ал бала кезинде Семейдеги медреседе окуп, чыгыш жана орус классиктеринин чыгармалары менен таанышкан. Анын чыгармачылыгы үч багытта белгилүү: өзүнүн поэтикалык чыгармалары, котормолору жана кара сөздөрү.