ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт:

✅ Аукционго катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана).
🔶 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү.
🔶 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
🔶 3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
🔶 4. Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күндүк мөөнөт өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөөрүн маалымдайбыз.
✅ Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил объектини (мүлктү) аукцион белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин аукционду алып салууга укуктуу.
✅ Көңүл буруңуздар: Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын же Ош шамы гезитинин сайттарына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күн мөөнөттөн өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөт.
✅ Аукционго бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө 1 (бир) күн калганда аукционго катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
✅Аукционго катышууну каалагандар, өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео