Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү пайдаланууга берилди
Ош шаарында асфальтталган дагы эки көчө пайдаланууга берилди. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы Алымбеков жана Лермонтов көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Аталган көчөлөргө асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор жаткырылды.