Ош шаарындагы Волгоград көчөсүнө асфальт төшөлүп бүтүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана калаа тургундары катышты.
Бул көчөнүн узундугу 2,2 чакырым, кеңдиги 24 метр. Буга чейин шарты начар, тар көчө 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.
Алдыда эки тарабына тротуар төшөлүп, лотоктор орнотулат.