Жол кеңейтүү үчүн үйү бузулган үй-бүлөгө жаңы үй курулуп берилди
Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар алып салынган. Анын ичинде Данияр Исраиловдун үйү да болуп, жашап жаткан турак-жайы толугу менен бузулган.
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаа бийлиги бул үй-бүлөгө бардык шарты менен жаңы үй куруп берди. Бүгүн көчөнүн ачылышынан кийин мэр жаңы турак-жайды да көрүп чыкты.