ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Ош шаарындагы жаңы базарда акциздик маркаларды көзөмөлдөө рейди өттү

🔹Бүгүн, 28-августта Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базарда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана мэр Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда акциздик маркаларды көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү.
🔹 Рейд учурунда алкоголдук жана кант камтыган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгы текшерилип, жасалма маркаларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. Акциздик продукциялар салыктык түшүүлөрдү камсыздап, калкты сапатсыз товарлардан коргоодо маанилүү экени белгиленди.
🔹 Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым соодагерлерде акциздик маркаларсыз продукциялар аныкталып, мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
🔹 Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов көмүскө экономиканы кыскартуу максатында мэрге пилоттук долбоор сунуштады. Ага ылайык, шаар бийлигине салыктын чогулушун көзөмөлдөө укугун берип, түшкөн салыктын 50%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу демилгеси көтөрүлдү.

default

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео