Ош: Президенттин катышуусунда В. Терешкова атындагы жатак-мектеби ачылды
Бүгүн, 29-августта Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди.
Мамлекет башчы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы жаңы жатак-мектебинин ачылыш аземине катышып, ошондой эле өлкөдөгү 100дөн ашык социалдык жана өнөр жай объекттеринин ачылышына онлайн режимде күбө болду.
Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында Мамдуманын депутаттары бар.
Жатак-мектептин ачылышына мектепке ысымы берилген биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова да онлайн катышып, куттуктоо сөзүн жолдоду.
Бул билим берүү мекемеси 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана, спорт залы, волейбол аянтчалары, актовый зал, санитардык блок, эс алуу багы жана заманбап шарттары менен курулду.