
Эске салсак Жумабаев көчөсүнө мындан 60 жыл мурун асфальт төшөлүп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес болчу. Алгач биринчи этабында жолдун 1,5 чакырымы толук оңдолуп асфальт төшөлдү. Жолдун туурасы 22 метр болуп, эки тарабына тротуар, ирригациялык лоток жана жашыл аймак каралган.